Абитуриент-2023: Өлкө боюнча эң көп талон ОшМУга ташталды

Башкы Жаңылыктар

Абитуриент-2023: Өлкө боюнча эң көп талон ОшМУга ташталды

Image

Кечээ, 19-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 1-туруна арыздарды кабыл алуу аяктады.
17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин созулган биринчи турда өлкө боюнча  26 миң 546 арыз катталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча 3352  абитуриент  Ош мамлекеттик университетин тандап, бул көрсөткүч өлкө боюнча эң алдыңкы үч илтикке кирди. Абитуриенттердин басымдуу бөлүгү дарылоо иши, IT, ангилис тили, орус тили, эл аралык мамилелер жана юриспруденция багыттарына талон таштаган.
2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.
Кабыл алынгандар үчүн “ТАСТЫКТОО” бөлүмү жеткиликтүү,  ал эми  кабыл алынбагандар үчүн жеткиликтүү эмес. Тастыктоодон ийгиликтүү өткөндөр ОшМУнун башкы корпусуна келип, кабыл алуу комиссиясына документтерин тапшырса болот.19 июля завершился прием заявок абитуриентов на 1 тур для поступления в вузы страны.

 

 

Фото галерея