ОшМУда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлдү

Image

ОшМУнун окуу корпустарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн. Ар бир окуу имараттарынын негизги кирүү тепкичтерине пандустар, кармоочтор орнотулган. Имараттардын ар бир кабатка чыгуучу тепкичтерине кармоочтор орнотулуп, тепкичтердин сырдалуусу атайын көзү начар көргөн жарандар  үчүн ыңгайлаштырылып сырдалган.

Ошондой эле окуу имараттарынын сырткы ажатканаларында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар орнотулуп, атайын жеке кааналар курулган жана бүгүнкү күндө калган окуу имараттарында да шарттарды түзүү иштери пландаштырылып аткарылууда.

Сырткы ажатканалардын дээрлик баарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар түзүлүп, айрым окуу корпустарында өзүнчө ажатканалар курулган. Мындан сырткары ажатканалардын ички кааналары тепкичсиз болуп, тийиштүү отургуч жана кармоочтор бар.

Ал эми жакынкы убакытта  эки же андан ашык кабаттуу окуу имараттарынын тепкичтерине ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн араба (инвалидная коляска) менен жүргөн адамдар кийинки кабатка көтөрүлүүсү үчүн электрондук атайын көтөргүчтөрдү, университеттин кампустарында биринчи окуу имаратынан экинчи окуу имаратына барууда ыңгайлуу болуш үчүн атайын шарттуу белгилерди жана пандустарды  оронотуу иштери жүргүзүлөт.

Мындан сырткары  окуу имараттарынын жана жатаканалардын негизги киришине көзү азиз адамдар үчүн Брайль ширифтеринен маалымат тактайларын жана шарттуу белгилери, негизги окуу кааналарына жана кабинеттерге баруу үчүн,  эскертүү тактикалык сызыктары коюлат.

Фото галерея