ОшМУнун кызматкерлери жайкы эс алууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери жайкы эс алууда

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен 2023-жылдын 23-28-июль күндөрү окуу жайдын 60 кызматкери Ыссык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Телтору" пансионатында эс алышты. Эс алып жаткан кызматкерлер менен ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А. Саттаровдун жолушуусу уюштурулду.
28-31-июль чейин университеттин 120 кызматкери Чок-Тал  айылындагы "Дельфин" пансионатына эс алууга барышты. Кызматкерлерге  Назарбаев  университетинин профессору Дүйшөн Шаматов ЖОЖдордун сапаты, академиялык программалар, Назарбаев университетинин мисалында силлабус жазуу, баалоо жана академиялык чынчылдык, изилдөөнү окутуу боюнча тренинг өттү. 
Окутуу суроо-жооп, сунуш-пикирлер жана маалыматтар  менен коштолду. Тренингдин соңунда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Дүйшөн Шаматовго жана ОшМУнун кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык билдирди.

Фото галерея