Оксфорд университетинин профессорлорунун тренинги башталды

Башкы Жаңылыктар

Оксфорд университетинин профессорлорунун тренинги башталды

Image

ОшМУда Англиянын Оксфорд университетинен келген  профессорлор Ариэль Ахерн жана  Трой Стернбергдин тренинги башталды.  "Изилдөө жана макалаларды кантип жазуу, аларды эл аралык журналдарга кандай жарыялоо керек" деген аталыштагы тренингге ОшМУнун,  ОшМПУнун, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук курамы,  шаардык мектептердин мугалимдери жана аспиранттар, магистранттар катышып жатат.

“Тренингде эл аралык белгилүү илимий журналдарга макалаларды жарыялоо, сапаттуу маалыматтарды талдоо, шилтемелер менен иштөө, академиялык резюме жана илимий изилдөө профилин түзүү, интеллектуалдык менчик укуктарын сыйлоо жана плагиаттын алдын-алуу багытындагы биздин окумуштууларга зарыл болгон темалар камтылган”, -деди ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев.

Тренинг 15-16-август күндөрү ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин базасында өтөт.

 

 

 

Фото галерея