ОшМУнун окутуучулары билим берүү жатындагы жаңылыктар менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары билим берүү жатындагы жаңылыктар менен бөлүштү

Image

Ош шаарындагы мугалимдердин августтук окуусунда мектеп мугалимдеринин предмет боюнча секциялык иштери болуп өттү. Аталган секциялык иштерге ОшМУнун факультеттеринен, колледждеринен, мектептеринен, мектепте окутутулуп жаткан предметтерди  окутуучу кафедралардан  окутуучулар катышып билим берүү жатындагы жаңылыктар менен бөлүшүштү.

«Секциялык иштерде ЖОЖ менен мектептин байланышын күчөтүү, теория менен практиканын айкалыштыруу, студенттердин педагогикалык практикасын уюштуруунун жана өткөрүүнун эффективдүү жолдорун  аныктоо сыяктуу бир топ маселелер каралды. Мектептердеги, жогорку окуу жайларындагы көйгөйлөрдү айкалыштырып келечекте билим берүү майданында биргелешкен жакшы иштерди алып баруу максатын көздөдү. Мындай иш-аракеттерге ОшМУнун окутуучулары ар дайым жигердүү катышып келет”,-деди ОшМУнун педагогикалык практика бөлүмүнүн директору Адылбек Батыралиев.