Президенттин жаңы Кыргызстанды курууга багыт берген китеби жөнүндө сөз болду

Башкы Жаңылыктар

Президенттин жаңы Кыргызстанды курууга багыт берген китеби жөнүндө сөз болду

Image

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде  “Эгемендик – Эл бактысы” аталышындагы кереге кеңеш уюштурулду.

Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам жана “Кыргыз жолу” руханий коомунун төрагасынын орун басары Бермет Абдыкеева катышты.

Кереге кеңеште өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» деген аталыштагы китеби тууралуу сөз болду.

Окумуштуулар жаңы Кыргызстанды курууга багыт алуу идеясынын жаралышы,  улуттук идеология, каада-салт, үрп-адат, кыргыз тарыхы, мамлекеттик тил, кыргыз цивилизациясы тууралуу жазылган китеп тууралуу ойлорун ортого салышты.  

“Бүгүнкү кереге кеңештин негизги максаты «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» аттуу китептин  мазмунун, андагы берилген идеяларды, ойлорду жалпы коомчулукка жеткирүү болуп саналат. ОшМУнун окумуштуулары китеп тууралуу өз пикирлерин айтып, китепте берлиген идеяларды мындан ары студенттерге жалпы коомчулукка кантип жеткирүү тууралуу ойлорун айтышты, бул багытта резолюция кабыл алынды”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Президент Садыр Жапаровдун "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" аталыштагы китеби төрт бөлүмдөн, 134 беттен турат. 41 миң нускада чыккан китеп буга чейин аймактарга, мамлекеттик мекемелерге, китепканаларга жана ЖОЖдорго таратылган. Китепте Кыргызстандын тарыхы, учурдагы окуялар жана келечеги тууралуу баяндалган.

Фото галерея