Насирдин Исановдун эстелиги ОшМУда ачылды

Башкы Жаңылыктар

Насирдин Исановдун эстелиги ОшМУда ачылды

Image

Президент Садыр Жапаровдун  катышуусунда бүгүн,  31-августта ОшМУнун башкы имаратында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата эстелигинин ачылыш аземи болду.

Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурлан Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчилери,коомдук жана саясий ишмерлер жогорку окуу жайлардын жетекчилери, ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада өлкө башчысы Насирдин Исанов – өмүрүн мамлекетти курууга арнаган чыгаан мамлекеттик ишмер, жаратман инсан экендигин билдирди. Анын өлкө үчүн аткарган зор эмгектерин атап, “Ак шумкар” өзгөчө белигисин жана “КР баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын  (көзү өткөндөн кийин) үй-бүлөсүнө тапшырды.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исанов Эгемен Кыргызстандын алгачкы премьер-министри болуп дайындалып, кыска убакыттын аралыгында өлкө үчүн бир топ маанилүү иштерди жасоого жетишип, Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенин алдырбоонун үстүндө катуу аракеттерди көргөн.

Фото галерея