Садыр  Жапаров: ОшМУ жаңыланууга умтулган окуу жай

Башкы Жаңылыктар

Садыр  Жапаров: ОшМУ жаңыланууга умтулган окуу жай

Image

ОшМУнун башкы имаратында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелигинин ачылыш аземинде  президент  Садыр Жапаров өлкөдөгү 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилгендигин, анын ичинде Ош мамлекеттик университети бар экендигин белгиледи.

“Бул окуу жайларга уюштуруучулук, академиялык, финансылык автономияны кенен берүү менен эл аралык стандарттарга ылайык, реформа жасоо милдети жүктөлдү. ОшМУ жаңыланууга умтулган окуу жай катары таанылды. Университеттин демилгеси менен 7 кабаттуу медициналык клиниканын курулушу башталгандыгын баса белгилеп кетким келет. Бул клиника кыргыз медицина тархында окуу жай өзү курган эң чоң масштабдуу тарыхый курулуш болот. ОшМУ билим берүүдө, илимде, эл аралык кызматташтыкта арыштуу кадамын таштап, дүйнөлүк эң мыкты университеттердин катарына кирүүгө багыт алды”-деп билдирди президент.

Фото галерея