ОшМУ студенттерди Билим күнү менен куттуктады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ студенттерди Билим күнү менен куттуктады

Image

Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда университеттин 3 факультетинин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы 1-сентябрь-Билим күнүнө арналып уюштурулган  жыйын  болуп өттү.

Жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамын жана студент болуу бактысына ээ болуп, университеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди билим майрамы,  мамлекетибиздин бардык аймактарында чоң салтанат менен белгиленген Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы менен куттуктады.  Билим күнүнө арналган  кайрылуусунда 2022-2023-окуу жылында университетте аткарылган иштер, ийгиликтер менен бөлүшүп, жаңы окуу жылына алдыга коюлган максаттар менен тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө сөзгө чыккан ОшМУнун Н.Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект илимий изилдөө институтунун директору Ысламидин Ташполотов “Мен мындан 52 жыл мурун ушул окуу жайды аяктаган элем, бүгүн тагдыр насип кылып силердин алдыңарда насаат сөзүмдү, байкаган ойлорумду айтып турам. Ойлоймун азыр өнүгүү, өсүү ушунчалык тез жүрүп жатат. Мүмкүн 10 жылдан кийин, же 15 жылдан кийин сидердин араңардагы таланттуу бирөөнү куттуктап ушул жерде туруп каларбыз. Араңарда өтө таланттуу жаштар бар экендигине ишенем, таланттуулар менен чогуу жүрүп, чогуу окусаңар силер да чоң ийгиликтерге жетесиңер, мен силерге ишенем”,-деди.  

1-курстун студенттерин жалпы студенттердин атынан алдыңкы студенттер да куттуктап талыкпай билим алууга, келечекте мыкты, кесипкөй адис болууга чакырышты.

Белгилей кетсек, мындай Билим күнүнө арналган жыйындар университеттин бардык факультеттеринде, колледждеринде лицейлеринде, гимназияларында да болуп, алардын ар бирине атайын ректораттан өкүлдөр катышты.  Жамаатка ректор Кудайберди Кожобековдун кайрылуусу жеткирилди.  Учурда бардык факультет, колледж, лицейлерде, гиназияларда окуу процесси башталды.                   

 

 

Фото галерея