Искусство факультетинин кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди

Башкы Жаңылыктар

Искусство факультетинин кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди

Image

ОшМУнун искусство факультетинин жанына түшкөн эки кабаттуу окуу имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Билим майрамы менен коштолгон саамалыкка ректор Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери, окутуучулар, студенттер катышты.

Алгач окуу жай жетекчиси Искусство жана Кыргыз-Кытай факультети катышкан жамаат менен жолугуп, Эгемендүүлүк майрамы жана Билим күнү менен куттуктады. Университеттин босогосун аттаган студенттердин окууларына ийгилик каалап, жалпы жамаатка өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер, алдыдагы максаттуу пландар боюнча айтып берди.

Искусство факультетинин кошумча окуу корпусунун кызыл тасмасы кесилип, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ОшМУнун профессору Жолболду Алибаев ак батасын берди.

Окуу имаратта музыка багытында билим алган студенттерге жекече сабактарды өтүүгө ыңгайлашкан кааналар орун алган. Жакынкы аралыкта ар бир каана заманбап үлгүдөгү музыкалык аспаптар менен толукталат.

 

 

Фото галерея