Студенттер Далянь шаарындагы окуу лагерге катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Далянь шаарындагы окуу лагерге катышты

Image

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинин студенттери  12-августтан 26-август аралыгында Кытайдын Далянь шаарында “Кытай тили көпүрөсү” жайкы окуу лагерине катышып келди. Жайкы лагерь ОшМУнун  Кыргыз-кытай факультети жана КЭРдин Түндүк-Чыгыш финансы экономикалык университенинин Эл аралык билим берүү институнун ортосундагы келишимдин негизинде болуп өттү.

Студенттерди факультеттин кытай тили окутуучусу Тыныстан Пазылов жетектеп барды. Эки апталык лагердин жүрүшүндө  студенттер үчүн кытай тили, каллиграфиясы, кытай музыкасы, жана ушу өнөрү менен жакындан таанышышты.

Ошондой эле студенттерге Далянь шаарынын тарыхый, маданий, туристтик жайларына экскурсиялар уюштурулду.

COVID-19 эпидемиясынан кийин ОшМУнун Кыргыз-кытай факультети  тарабынан жайкы лагерлерди уюштуруу иштери жандандырылды.

Фото галерея