“Ата-Журтум - алтын туурум" сынагында Эламан Жалалов баш байгеге ээ болду

Башкы Жаңылыктар

“Ата-Журтум - алтын туурум" сынагында Эламан Жалалов баш байгеге ээ болду

Image

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине  арналган маданий-массалык иш-чаралардын алкагында Ош шаарында өткөрүлгөн   "Ата-Журтум - алтын туурум" сынагынын "Ыр майрам" бөлүмүндө ОшМУнун искусство факультетинин окуу иштери боюнча орун басары, окутуучу Эламан Жалалов баш байгеге ээ болуп, I даражадагы диплом, 50 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

«Бул сынакта чебер композитор агайыбыз Каныбек Курбантаевдин "Кыргызстаным" ырын аткаруу менен жетиштим. Сөзү калемгер Тазагүл Закирова эжекебизге таандык. Борбордон келип үн коштоп берген опера ырчысы Адия Ысмайылова эжеме, обонду бышырып иштөөгө жардам берген Жаркынай Апышева эжекеге, аранжировка жасаган Мирлан Ниязов, Майрамбек Ахмедов, ар дайым таланттарга колдоо көрсөтүп келген Ош шаардык маданият башкармалыгына, калыстар тобуна, вокал боюнча устатым Роза Шукуралиева  эжекеме терээң ыраазычылык билдирем», -дейт жеңиш ээси Эламан Жалалов.