ОшМУнун студенттери Түштүк Кореяда билим алууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери Түштүк Кореяда билим алууда

Image

ОшМУнун чыгыш таануу институтунун студенттери академиялык мобилдүүлүк боюнча 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестрине Түштүк Кореянын Тэжон шаарында жайгашкан Ханбат улуттук университетинен билим алуу үчүн жөнөп кетишти.  

Семестрдин ичинде студенттер аталган университетте билим алып, тил көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Окуудан тышкаркы университеттин маданий-массалык иш-чаралына катышып, чет өлкөлүк студенттер арасында өткөн ар кандай сынактарга, спорттук мелдештерге катышып, Кыргызстанды, анын ичинде ОшМУну таанытуучу иш-аракеттерди жасашат.

ОшМУ менен Ханбат улуттук университетинин ортосунда 2020-жылы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлуп, ага ылайык онго жакын студентти жөнөтүү макулдашылган. Түзүлгөн келишимге ылайык, окуу процесси акысыз уюштурулуп, жатакана жана 3 маал тамак берилет.

Фото галерея