Америкалык студенттер ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Америкалык студенттер ОшМУда

Image

Массачусетс штатындагы Уэлсли колледжинин бакалавр баскычында билим алып жаткан студент Эмма Слибек менен Огайо штатындагы Вустер колледжинин бакалавр баскычында  окуган Исаак Стейнмайер ОшМУга саякаттап келишти. Аларды ОшМУнун тышкы иштер боюнча проректору  К.Аттокуров кабыл алып, ОшМУ боюнча маалымат берди.

Исаак Стейнмайер жылуу тосуп алгандыгы үчүн окуу жайдын жамаатына ыраазычылык айтып, өзү окуп жаткан колледж менен ОшМУнун ортосунда көпүрө болуп, келишим түзүп, ар түрдүү багыттар боюнча кызматташуу орнотуу иш-аракеттерине көмөктөшө тургандыгын билдирди.

Ошондой эле ал Вустер колледжинде 20% чет өлкөлүк студенттер билим алып жаткандыгын, алардын басымдуу бөлүгү Индиядан, Түштүк Америкадан, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн (Кыргызстандан 1, Казакстандан 2, Өзбекстандан 3 студент) жана Европанын айрым мамлекеттеринен экендигин маалымдады.

Американын Кыргызстандагы элчилигинин долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университети, мындагы студенттердин жашоосу, аларга түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышуу максатында келишкен. Коноктор алдыда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери менен жолугуп, өздөрүнүн окуусу, жашоо образы, кызыкчылыктары туурасында айтып беришет.

Фото галерея