Дүйнөлүк белгилүү окумуштуу Марат Ахмет ОшМУда 10 күн лекция окуйт

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөлүк белгилүү окумуштуу Марат Ахмет ОшМУда 10 күн лекция окуйт

Image

 

Түркиянын Анкара шаарындагы Middle East Technical University (Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин) профессору,  математика илимдеринин доктору, математикалык теориялар боюнча дүйнөдөгү белгилүү окумуштуулардын бири Марат Ахмет ОшМУда болуп, университеттин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушууда математикалык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, тажрыйба алмашуу, конок лекцияларды уюштуруу, PhD докторанттарга илимий жетекчилик кылуу, илимий журналдарга макалаларды жарыялоо багытында кызматташуу иш-аракетери боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.

Окумуштуу Кыргызстанга биринчи ирет келгендигин айтып, алгачкы сапары ОшМУдан башталганыгына, жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ар тараптан кызматташууга кызыктар экендигин кошумчалады.  

Профессор Марат Ахмет окуу жайдын Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсуновдун чакыруусу менен  21-сентябрдан 30-сентябрга чейин математика багыты боюнча бакалавр, магистр, аспирант жана PhD докторанттар үчүн лекция окуп, семинарларды өткөрөт.

Окумуштуу Марат Ахметтин Scopus маалымат базасында 185 макаласы бар, Хирша индекси боюнча 25, Google академиясндагы хиршасы 32. Ал жалпысынан 4067 макаланын автору. Илимий макалалары Түркияда, Европада жана АКШда англис тилинде да басылып чыккан. Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары дифференциалдык теңдеме, функционалдык анализ, математикалык моделдөө.

 

 

Фото галерея