Чет өлкөлүк студенттер үчүн адаптациялык жумалыктар уюштурулууда

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттер үчүн адаптациялык жумалыктар уюштурулууда

Image

ОшМУнун факультеттерине жана колледждерине чет өлкөлөрдөн келип билим алып жаткан 1-курстун студенттери үчүн адаптациялык жумалыктар өткөрүлүп жатат. Иш-чара чет өлкөлүк студенттердин бөтөн жерде жаңы чөйрөгө аралашуу, адаптациялануу процессин уюштуруу, аларды университеттин билим берүү системасы, корпустары, түзүмдөрү, кыргыз элинин маданий баалуулуктары, салттык өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу, окуу жайдын билим берүү процессинде чет өлкөлүк студенттерге байланыштуу жаралуучу көйгөйлөрдүн алдын алуу маселелерин камтыйт.  

Жумалыктын алкагында студенттер окуу жайдын администрациясы, окуу имараттар, медициналык клиникалар,  Бизнес парк, спорттук комплекстер,  профилактория, жатаканалар, Ош шаарындагы радио түйүн, калкты тейлөө борбору (ЦОН), Ош шаардык автобекети менен таанышып, Сулайман-Тоого чыгышты.

Аталган иш-чара чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан  уюштурду.

Фото галерея