ОшМУнун колледждеринде мамлекеттик тил жумалыгы өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун колледждеринде мамлекеттик тил жумалыгы өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинин  колледждеринде (ИПК, ЭАББПК, ФЮК, медколледж, STEM) Мамлекеттик тил мыйзамынын 34 жылдыгына карата бир айлык иш-чаралардын жүрүшү өтүүдө. Анда негизинен, колледждердин окутуучулары жана студенттери арасында “Сабаттуу бол” өнөктүгү, туура жазуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча семинарлар, мамлекеттик тил майрамынын урматына салтанаттуу кечелер, ток-шоу, брейн-рингдер өтүп жатат. Ошондой эле студенттер арасында дубал гезиттердин, илимий-көркөм китептердин көргөзмөсүнүн, көркөм окуу сынактары жарыяланган. Бул сынактардын жеңүүчүлөрү бир айлыкты жыйынтыктоо аземинде сыйланмакчы.

“Колледждерде мамлекеттик тил майрамы жылда эң мыкты саамалыктар менен өтүп, окутуучуларыбыз да, студенттерибиз бул иш-чараларга активдүү катышышат. Биз жаштарга тилибиздин ыйыктыгын, мамлекетибиздин жүзү болгон мамлекеттик тилибизге өзгөчө мамиле жасашыбыз зарыл жана тилибиздин тазалыгына, байлыгына көңүл буруп, туура сүйлөөгө үндөшүбүз керек.

Биздин кыргыз тилибиз ушунчалык керемет тил, аны айлап да, жылдап да даңазаласак бүтпөөчүдөй дастан десек болот”, -дейт кыргыз тили жана адабияты, манас таануу предметтик циклынын төрайымы, доцент Бактыгүл Байтикова.    

 

Фото галерея