ТИЛ – ТИЛЕКТЕШТИК ТИРЕГИ

Башкы Жаңылыктар

ТИЛ – ТИЛЕКТЕШТИК ТИРЕГИ

Image

ОшМУнун орус филологиясы факультетинин 1-курстарынын ортосунда 
“Тил – тилектештик тиреги” аталышындагы “Тил билги” акыл таймашы болуп өттү.
Таймаштын жыйынтыгында 1-орунду “Ынтымак” тобу, 2-орунду “Каныкей” тобу, 3-орунду “Каганат” тобу алып, акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.  
““Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,
Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин!” деп акын Байдылда Сарногоев айткандай, улуу тилдин учугун улап, жерибей, кейибей, керек болсо толуктап, байытып, өркүндөтүп, өстүрүп, муундан-муунга өткөрүп бере турган – биз, сиздер, баарыбыз!”,-дейт уюштуруучулар.

Фото галерея