Өлкөдөгү алдыңкы жаштар ОшМУга чогулду

Башкы Жаңылыктар

Өлкөдөгү алдыңкы жаштар ОшМУга чогулду

Image

Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси өтүп жатат. Республикалык жаштар курултайына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты багкармалыгынын начальниги Аскар Шайкидинов, Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, окуу жайдын билим алуучулары жана өлкөнүн жети дубанынан келген 100дөн ашуун жаш активисттер катышууда.

Жаштар конгресси 5-октябрда расмий башталган. Катышуучулар үчүн жаш муундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, ыктыярчылык, заманбап билим берүү чакырыктары, элеттик жаштардын көз караштары жана бир катар актуалдуу маселелер боюнча панелдик сессиялар уюштурулган.

Эки жылда бир ирет өткөрүлүүчү конгресс өсүп келе жаткан муундун санариптик билимин жогорулатуу жана алардын жөндөмүн өнүктүрүү максатын көздөйт.

 

Фото галерея