StartUp Students студенттик иштеп чыгуулар арасында сынак жарыяланат

Башкы Жаңылыктар

StartUp Students студенттик иштеп чыгуулар арасында сынак жарыяланат

Image

Кыргызпатент StartUp Students студенттик иштеп чыгуулар арасында сынак жарыялайт!
Сынакка коммерциялаштыруу үчүн потенциалы бар өзүнүн илимий-техникалык жана илимий-технологиялык изилдөөлөрүнүн негизинде жаңы продуктулар, буюмдар, технологиялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча иштеп чыгуулар кабыл алынат.

Сынакка студенттер, аспиранттар жана жаш окумуштуулар катыша алышат.

Багыттары:
- санариптик технологиялар;
- медицина жана ден-соолук;
- өндүрүштүк технологиялар;
- ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар;
- креативдүү индустрия.

Сынакка катышуу үчүн http://fund.patent.kg/?page_id=2197 шилтемедеги өтүнмө формасын толтуруп, gosfond.patent@patent.kg  электрондук дарегине же Бишкек ш., Москва көч. 62 дареги боюнча ИМ Мамфондго жиберүү керек.

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү 2023-жылдын 15-октябрына чейин.

Кененирээк маалымат: 0312 68-04-71; 0555 79 59 18 Жетигенова Айгерим.

Өтүнмөнүн формасы

Сынактын жобосу