ОшМУда ордо аянтчасы ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ордо аянтчасы ачылды

Image

“Ак-Буура” кампусунда “Ордо” аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Аянтчанын  ачылуу аземине жана мугалимдер күнүнө карата улуттук спорттун ордо түрү боюнча  “ОшМУнун ректорунун кубогунун”  ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Ага Ош шаарындагы ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук кызматкерлеринен жана студенттеринен түзүлгөн курама командалар катышты. Жыйынтыгында , ОшМУнун агайлар курама командасы – I даражадагы диплом, 10миң сом, ОшМПУнун студенттер курама командасы – II даражадагы диплом, 8миң сом,  ОшМУнун студенттер курама командасы – III даражадагы диплом, 6миң  сом жана КӨЭАУнин агайлар курама командасы –  1миң сом акчалай сыйлыкка  ээ болушту. 

Мелдеш ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин демөөрчүлүгү астында уюштурулду.

Фото галерея