Бүткүл дүйнөлүк гемофилияга каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү

Башкы Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк гемофилияга каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультети  Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмү менен биргеликте 17-апрель-Бүткүл дүйнөлүк гемофилияга каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрдү.

Акцияга эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ош шаарына жакын жайгашкан Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунан гемофилия менен жабыркаган  балдар ата- энелери менен келип катышты.

Уюштуруучулар гемофилия жөнүндө маалыматтарды беришип, чакан маанай көтөргөн концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын негизги максаты коомчулукка гемофилия илдети тууралуу маалыматтарды жеткирүү,  ооруунун алдын алуу, бейтаптардын өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн  жакшыртуу. Акцияга Медицина факультетинин ички оорулар №3 жана педиатрия кафедрасынын жамааты, студенттер активдүү катышты.

 Маалыматка ылайык, Кыргызстанда гемофилия менен ооругандардын саны 400гө жакын, анын 40 пайызын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт.

Фото галерея