10-октябрда, “Сергек жашоо жана ден соолук” жылына карата уюштурулган факультеттер аралык 1-курс студенттеринин спартакиадасы башталды. Ачылуу аземинде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков мелдешке катышып жаткан командаларга ийгилик каалап, университетте студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.
Мелдештер спорттун волейбол, жеңил отлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча өтүп, ага окуу жайдын бардык факультеттеринен командалар катышууда.
Жеңишке жеткен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар каралган. Спартакиада 10-14-октябрь күндөрү окуу жайдын спорт комплекстеринде өтөт.
Спартакиада студенттерди сергек жашоого үндөө, студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо, университеттин курама командаларына мыкты спортчуларды алуу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.