Студенттер арасында “Алтын күз” майрамы өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер арасында “Алтын күз” майрамы өттү

Image

Медициналык колледжде студенттик тайпалар арасында "Алтын күз" майрамы өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада бардык тайпалардагы студенттер мөмө-жемиштерден өздөрү чыгармачылык менен жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Мындан сырткары тайпалар алдын таркатылган жобого ылайык кол өнөрчүлүктүн бир нече багыты боюнча даярданып, ар түрдүү буюмдардан күз мезгилине шайкеш келген кийимдерди даярдашкан.

Майрамдык кече колледждин аялдар кеңешинин төрайымы Уулкыз Чотурова  тарабынан уюштурулуп, иш-чарага башка факультеттердин жана колледждердин аялдар кеңештеринин төрайымдары калыстык кылып жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Студенттердин чыгармачылыгын арттырган, шыктандырган иш-чара ар жылы өткөрүлүп келет.

Фото галерея