Министр Д.Кендирбаева Россиялык өнөктөштөр менен кызматташууларды талкуулады

Башкы Жаңылыктар

Министр Д.Кендирбаева Россиялык өнөктөштөр менен кызматташууларды талкуулады

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен министрдин орун басары Расул Абазбек уулу Россия Федерациясынын билим берүү министринин орун басары Денис Грибов менен жолугушту.

Жолугушуу 2023-жылдын 13-октябрында ОшМУда өткөн Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖ ректорлорунун үчүнчү форумунун алкагында орун алды. Анда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, Ломоносов атындагы ММУнин ОшМУдагы  Ломоносов атындагы борбору жана университеттин Жаштар бизнес паркынын иши менен таанышты.

Ошондой эле коноктор "Чет өлкөдө орус мугалими" долбоорунун алкагында Ош шаарында эмгектенип жүргөн Россиянын мугалимдери менен жолугуп, бааралашты.

Фото галерея