ОшМУ абанын булганышы жана анын кесепттерин жоюуга багытталган иш-чараларга катышат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ абанын булганышы жана анын кесепттерин жоюуга багытталган иш-чараларга катышат

Image

АКШнын Вашингтон университетинин атмосферадагы булганычтар факультетинин деканы, профессор Джей Тернер жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Гео-маалыматтык системалар жана аралыктан зонддоо борборунун жетекчиси, доцент Сагынбек Орунбаев ОшМУга келди.

Коноктор ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, Кыргызстандын түштүк аймагындагы абанын булганышы жана анын кесепттерин жоюуга багытталган иш аракеттерди көрүү боюнча пикир алышты.

16-октябрда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Гео-маалыматтык системалар жана аралыктан зонддоо борборунун жетекчиси, доцент Сагынбек Орунбаев университеттин жамаатына “Илим изилдөөнүн актуалдуу маселелери” темасында семинар өтөт.

Ага окуу жайдагы декандар, кафедра башчылар, илимий долбоордун жетекчилери, илимий борбор, институттун жетекчилери жана декандын илимий иштер боюнча орун басарлары катышат.

Сагынбек Орунбаев илим изилдөөнүн ЖОЖдорго зарылдыгы, дүйнөлүк эң мыкты университеттердин рейтинги, билим берүү тармагындагы университеттин рейтингинин ролу боюнча баяндама жасап, маалыматтарды берет.

С.Орунбаев учурда Кыргызстандын дамбалардын коопсуздугу боюнча ассоциациясынын негиздөөчүсү жана ири дамбалар боюнча эл аралык комитеттин мүчөсү. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү, табигый коркунучтар жана тобокелдиктерди баалоо боюнча спутниктик аралыктан зонддоо боюнча бир нече изилдөө иштеринин менеджери болуп иштеген. Ал 100гө жакын илимий эмгектерди чыгарган, анын ичинде 50дөн ашууну SCOPUS жана WoS илимий журналында рецензияланган.

Фото галерея