«Текшердим» маалыматтык кампаниясы ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

«Текшердим» маалыматтык кампаниясы ОшМУда

Image

Жыл сайын октябрдын акыркы аптасында белгиленип келе жаткан глобалдык медиа жана маалыматтык сабаттуулук жумалыгынын алкагында ОшМУнун билим алуучулары үчүн тренинг болду.

Тренерлер катышуучуларга  маалыматты сынчыл маанайда керектөө, ишенимдүү булактарды издөө жана тандоо боюнча маалыматтарды беришти.  Ошондой эле технологиялардын өнүгүшү менен маалымат талаасындагы коркунучтар жана тобокелдиктер көбөйгөндүктөн, медиа сабаттуулук –азыркы коомдо жашоо үчүн зарыл болгон маанилүү көндүм экендиги жана ар бир жаран медиа сабаттуу болуусу керектиги айтылды.

Иш –чара «Текшердим» маалыматтык кампаниясынын алкагында  КРдагы Интерньюс өкүлчүлугү тарабынан ишке ашырылып жаткан эки долбоор тарабынан каржыланып, өткөрүлдү.
 

Фото галерея