17-октябрдан тарта жалпы республикалык тестирлөө башталат

Башкы Жаңылыктар

17-октябрдан тарта жалпы республикалык тестирлөө башталат

Image

Билим  берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-октябрындагы №5237/9 буйругуна ылайык, 2023-жылдын абитуриенттерине кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестке каттоо онлайн режимде өтөт.

Жалпы республикалык тестке каттоо жашаган жери боюнча райондук (шаардык)  билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде 2023-жылдын 17-октябрынан 27-октябрга чейин өткөрүлөт.

Жалпы республикалык тестке каттоого (кышкы кабыл алуу үчүн) мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто, же кесиптик орто билими бар жана учурдагы  2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларда окубаган адамдарга уруксат берилет.

КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт деп аныкталган.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ тесттик мезгили 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленген.