Мыкты стартап долбоорлору  иш жүзүнө ашырылат

Башкы Жаңылыктар

Мыкты стартап долбоорлору  иш жүзүнө ашырылат

Image

Жаштар бизнес паркынын кезектеги тренинги жыйынтыкталып, 40 катышуучуга сертификаттар тапшырылды. 5 күндүк тренингдин жүрүшүндө  стартап долбоорлору бар катышуучулар рынокту туура анализдөө, атаандаштыкка жөндөмдүү товар же кызмат көрсөтүү секторун түзүүнү үйрөнүштү. Ошондой эле алар бизнес-турдун жүрүшүндө  Ош шаарындагы алдыңкы ийгиликтүү ишканаларды кыдырып, таанышышты.

Жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн бизнес идеяларынын үстүнөн иштеп, питчинг күнү  өздөрүнүн долбоорлорун калыстарга жана потенциалдуу инвесторлорго сунушташты. Питчингдин жыйынтыгы менен STEM инновациялык колледжнин окутуучусу Рахима Ибрагимова жана студент  Самарбек Закиров финалист деп  аныкталды. Эми аларга бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн ар бирине 2000 АКШ доллардан грант берилет.

Жаштар арасында стартаптарды жана ишкерликти өнүктүрүү программасын ОшМУнун Бизнес-паркы Ага Хан Фонду жана ЮСАИД менен биргеликте ишке ашырууда.

Фото галерея