Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өттү

Башкы Жаңылыктар

Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өттү

Image

2023-жылдын 8 айында эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факты катталып, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу жогору экендигин укук коргоочулар билдиришкен. Буга байланыштуу ОшМУнун базасында аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы болду.

Иш-чара  республикалык “Аялдар кеңеши”  бирикмеси менен Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду. Ага  Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, республикалык “Аялдар кеңеши”  бирикмесинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, ректор Кудайберди Кожобеков, Ош шаарындагы ЖОЖдордун аялдар кеңешинин төрайымдары, окутуучулар жана  студенттер катышты.

Жыйында ректор Кудайберди Кожобековго республикалык “Аялдар кеңеши”  бирикмесинин “Мээримдүүлүк” төш белгиси жана өлкөнүн саясий, экономикалык коомдук турмушуна автивдүү катышкан айымдарга Ардак грамота, Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Ошондой эле иш-чарада  психологдор, социологдор жана юристтер доклад жасап концерттик программа менен коштолду.  Иш-чара аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жана балдардын коомдогу орду, коопсуздук эрежелери боюнча маалымат берүү максатында өткөрүлдү.

 

Фото галерея