Илим изилдөөнүн актуалдуу маселелери талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Илим изилдөөнүн актуалдуу маселелери талкууланды

Image

ОшМУнун стратегиялык өнүгүү программасындагы QS рейтинг критерийлеринин негизинде илимий-изилдөө багытындагы милдеттерди аткаруу боюнча индикатордук планына ылайык университеттин профессордук-окутуучулук курамына “Илим изилдөөнүн актуалдуу маселелери” аттуу илимий-методикалык семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага декандар, кафедра башчылар, илимий долбоордун жетекчилери, илимий борбор, илимий институттун жетекчилери жана декандын илимий иштер боюнча орун басарлары жана бул багытга кызыкдар болгон окутуучулар чакыртылып, жалпысынан 130 угуучу катышышты.

Спикер катары Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Гео-маалыматтык системалар жана аралыктан зонддоо борборунун жетекчиси, физика-математика илимдеринин кандидаты Сагынбек Орунбаев чакырылды.

Семинарда илим изилдөөнүн ЖОЖдорго зарылдыгы - Университеттин рейтинги билим берүү тармагында маанилүү ролу - Илим изилдөөнү камтыган Дүйнөлүк университеттер учун рейтингдер, Дүйнөлүк университеттердин рейтингдериндеги салмактуулук коэффициенттеринин баалоо маселеси жана Кыргызстандагы илим изилдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча маалыматтар берилди.

 

Фото галерея