Семетей Амиралиев “Кавказ-Каспий-Чыгыш” форумуна катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

Семетей Амиралиев “Кавказ-Каспий-Чыгыш” форумуна катышып жатат

Image

16-19-октябрь күндөрү Россиянын Ставрополь шаарындагы Түндүк-Кавказ федералдык университетинде “Кавказ-Каспий-Чыгыш” аттуу экинчи эл аралык жаштар форуму өтүп жатат. Ага Азербайджан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Россия, Кыргызстан  сыяктуу 25 өлкөнүн 58 жогорку окуу жайынан 160тан ашуун өкүл катышууда.  ОшМУнун атынан катышып жаткан чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев форумдун алкагында университет тууралуу презентация жасап, башка өнөктөш окуу жайлар менен кызматташуу маселелелерин талкуулоого катышат.  

“Кавказ-Каспий-Чыгыш” форуму түрдүү өлкөлөрдүн жаштарын бириктирүү, тажрыйба, идея алмашуу, достук жана кесиптик байланыштарды чыңдоо, Түштүк Кавказдын, Жакынкы Чыгыштын, Орто Азиянын чөлкөмүндөгү окуу жайлардын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулуп келет.

 Форумдун эки күндүк программасында пленардык жыйындар, мастер-класстар, тренингдер, интерактивдүү оюндар камтылган.

Фото галерея