Медициналык факультетинде "Берекелүү күз"

Башкы Жаңылыктар

Медициналык факультетинде "Берекелүү күз"

Image

Медициналык факультетте студенттик тайпалар арасында "Берекелүү күз" майрамы өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада бардык тайпалардагы студенттер мөмө-жемиштерден өздөрү чыгармачылык менен жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Мындан сырткары тайпалар алдын таркатылган жобого ылайык кол өнөрчүлүктүн бир нече багыты боюнча даярданып, ар түрдүү буюмдардан күз мезгилине шайкеш келген кийимдерди даярдашкан.

Майрамдык кече факультеттин аялдар кеңешинин төрайымы Гулсара Касиева   тарабынан уюштурулуп, ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча пророектору Нуржамал Мапаева, ОшМУнун Аялдар кеңешинин төрайымы Гулнара Сейитказыева катышты.

Студенттердин чыгармачылыгын арттырган, шыктандырган иш-чара ар жылы өткөрүлүп келет.

Фото галерея