ОшМУ Туркиянын ЖОЖдору менен ийгиликтүү кызматташууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Туркиянын ЖОЖдору менен ийгиликтүү кызматташууда

Image

Бүгүнкү күндө, ОшМУ Туркиянын 51 жогорку окуу жайы менен байланышы бар. Мында университет Түркиянын ЖОЖдору  менен Эразмус+, Мевлана жана Орхун программаларынын алкагында кызматташат.

Эки тараптуу байланыштын алкагында профессорлордун, илимий кызматкерлердин, окутуучулардын студенттер менен аспиранттардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен изилдөөлөрдү жана илимий конференцияларды өткөрүү,  эки өлкөнүн билим берүү  программасынын жобосуна ылайык биргелешкен программаларды иштеп чыгуу, академиялык маалымат, академиялык материалдар жана басылмалар менен алмашуу ишке ашырылып келет.

Буга байланыштуу учурда 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде академиялык мобилдүүлүк программасы менен Памуккале университетинде 14 студент, ал эми Сивас Жумхурийет университетинде 5 студент билим алууда .

Азыркы күндө Сивас шаарынын Сивас Жумхурийет университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча жүргөн педагогика жана психология факультетинин  2- курсунун  студенти Альвира  Асилбекова “Учурда Сивас Жумхурийет университетинде мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алуудамын. Мага университеттеги билим берүү системасы жана мугалимдердин студенттерге болгон жылуу мамилеси жакты”-дейт.

Ал эми дагы бир ушул университетте мобилдүүлүк боюнча билим алып жаткан  педагогика жана психология факультетинин  3- курсунун  студенти Аэлита  Адишова “Учурда психология бөлүмүндө окуп жатам.  Университеттин китепканасында бул багыттагы  китептер , маалыматтар кенири жана билим берүү тармагы мыкты деңгээлде болгондугу менен мага жакты. Сивас шаары студенттер үчүн ыңгайлуу, кооз жана тынч шаар”- экендигин билдирди.

Сивас Жумхурийет жана Памуккале университеттери менен 2021-жылдан  бери мобилдүүлүк программасын  ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору,PhD Айнура Кулназарова  жүргүзүп келет.

Фото галерея