IPChain ассоциациясынын өкүлдөрү Искусство факультетинде конок лекция өтүштү

Башкы Жаңылыктар

IPChain ассоциациясынын өкүлдөрү Искусство факультетинде конок лекция өтүштү

Image

“Интеллектуалдык менчик укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын (IPChain ассоциациясы) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ырыскүл Турсуналиева баштаган өкүлдөр ОшМУ менен түзүлгөн келишимдин алкагында окуу жайдын Искусство факультетинде конок лекция уюштурушту.

Лекцияда Искусство факультетинин окутуучуларына илимий эмгектерди жана музыкалык чыгармаларды сактоонун заманбап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, авторлор санариптик инструменттердин жардамы менен чыгармаларын кантип коргоп, сактап жана сатууга чыгара ала тургандыктары боюнча көрсөтмө беришти.

2023-жылдын 27-сентябрда ОшМУ менен IPChain санариптик инфраструктурасы өлкөнүн интеллектуалдык капиталын, илимпоздордун, маданияттын, искусствонун жана заманбап технологиялардын чыгармачылыгынын натыйжаларын коргоо жана аны экономикалык жүгүртүүгө тартуу үчүн сапаттык жаңы шарттарды түзүүчү келишимге кол койгон.

Фото галерея