Чыңгыз Айтматовдун каармандары ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Чыңгыз Айтматовдун каармандары ОшМУда

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата ОшМУда “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышында мамлекеттик тилдин  үч айлыгы жарыяланды.

Үч айлыктын алкагында, студенттер арасында “Айтматовдун каармандары ОшМУда” композициялык көрүнүштөрдүн сынагы өткөрүлдү. Сынакта катышуучулардын сахналык көрүнүштөрдө адабий тилдин  нормасында сүйлөөсү, каармандын образын ачууда сырткы формасы, актердук чеберчилиги жана сахнада өзүн алып жүрүүсү каралып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Фото галерея