ОшМУда Жолболду Алибаев атындагы каана ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Жолболду Алибаев атындагы каана ачылды

Image

Бүгүн, 10-ноябрда Искусство факультетинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, композитор, акын, ОшМУнун профессору  Жолболду Алибаев атындагы каананын ачылыш аземи болду.

Саамалыкка ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери, факультеттин жамааты  катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.

“Сыймыктуу агайыбыз, профессор Жолбоду   Алибаевдин 75 жылдык мааракесин быйыл борбор калаада Улуттук филармонияда уюштуруп өткөргөнбүз. Аны улай агайга жаңы дем, күч берсин, факультетте чыгармачыл жаштарды тарбиялаганга, өзүнөн шакирттери менен ынгайлуу иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлсүн деп жумушчу орун жасап, шарт  түзүп берип жатабыз. Агайбызга дагы да чыгармачылык эргүү келип, жаштарга акыл-насаатын айтып, эли журтубузга айта турган акыл-насаат ырларын ырдап, чыгармачыл жаштарды, шакирттерди тарбялоого салымын кошот деп ишенебиз”,-деди ректор К.Кожобеков.

Жалпы жамаатка ыраазычылык сөзүн айтып, ак батасын берген профессор Жолболду Алибаев “Мен ушул Ош мамлекеттик унивеситетинен билим алдым, 25 жылдан  бери ушул жерде эмгектенип жатам. Менин чыгармачылыгымдын өсүшүнө, ушул даражага жетишиме университеттин кошкон салымы абдан чон, университетке абдан ыраазымын. Заманыбыз, элибиз, журтубуз тынч болсун, ошонун ичинде университетибиз өсүп-өнүксүн”,-деди.

Бул каана жеке сабактарды өткөнгө ынгайлашкан эмеректер, музыкалык аспаптар менен толукталган. Анда Жолболду Алибаевдин эмгектери, сыйлыктары, чыгармачылыгына байланышкан колдонмо материалдары да коюлган.

Жолболду Алибаев 1947-жылы 24-декабрда Өзгөн районундагы Зергел айыл өкмөтүнө караштуу 1-май айылында жарык дүйнөгө келген.

Жолболду Алибаев дастанчы, термечи катары Барпы Алыкуловдун сөзүнө жазылган «Өзгөчөм», «Мырзайым», өзүнүн сөзүнө жазылган «Чолпонум» ашыктык дастандарын аткарып келет. Ал ыр, санат, дастан, термелерден турган үч жыйнактын автору. Аккордеондун, комуздун коштоосунда «Туулган жерге», «Дилбарай», «Кыздар», «Ѳзбек кызына», «Кош алма», «Чолпонум», «Арман», «Рыспайга кат», Жеңижоктун «Кѳк сулуу», «Балам жок», Барпынын «Мырзайым», «Буракжан», «Жарга жыгылса суу», Корголдун «Сен, сен дүйнѳ», Молдо Нияздын «Даткайым», Нурмолдонун «Ѳмүр», элдик «Акжамал» жана башка ыр, дастандарды аткарып келет.

Фото галерея