ОшМУ менен ФерМУнун студенттери академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен ФерМУнун студенттери академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү

Image

ОшМУ менен Фергана мамлекеттик университетин ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк программасы ишке ашууда. 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде ОшМУнун юридика факультетинин юриспруденция адистигинин 2-курсунун студенттери бир ай Фергана мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишти. Бул аралыкта Фергана мамлекеттик университетинен да 3 студент ОшМУга келип, юридика факультетинин юриспруденция адистигинде билим алышты.

Эки окуу жайдын ортосундагы келишимдерге ылайык студенттер академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окуу учурунда акысыз жатакана менен камсыз болушту. Билим алуу менен биргеликте студенттер достошуп, тажрыйба алмашышты. Жыйынтыгында студенттерге 1 айлык окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаттар таршырылды.

Фото галерея