Ректор  М.Ауэзов атындагы Түштүк  Казакстан университетин мааракеси менен куттуктады

Башкы Жаңылыктар

Ректор  М.Ауэзов атындагы Түштүк  Казакстан университетин мааракеси менен куттуктады

Image

Ректор Кудайберди Кожобеков  Мухтар Ауэзов атындагы Түштүк  Казакстан университетинин 80 жылдык мааракесине катышууда. Мааракеде ректор “Университеттер аралык өз ара аракеттенүү бирдиктүү билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору катары” аталышында баяндама жасады.
Анда ОшМУда билим берүү-илим-өндүрүштүк-коммерциялаштыруу боюнча үзгүлтүксүз инновациялык процесс жүргүзүлүп, коомдун муктаждыктарына байланыштуу билимге, кесипкөй кадрларды даярдоого, илимий изилдөөлөргө жана ишкердикке активдүү инвестиция тартылып, академиялык мобилдүүлүккө жана билим берүүнү интернационалдаштырууга чоң көңүл бурулуп жаткандыгына токтолду.
Ошондой эле ОшМУнун сырткы байланыштарына анын ичинде учурда Казакстандагы ири ЖОЖдор менен студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк программасы, билим берүү, илим тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, кош дипломдуу билим берүү  багыттарында алгылыктуу кызматташып келе жаткандыгын айтты. 
М.Ауэзов атындагы Түштүк  Казакстан университети Казакстандагы эң ири жана көп тармактуу университет болуп эсептелет. QS (Quacquarelli Symonds) рейтингине кирген  “Эң мыкты 1000” университеттин ичинде М.Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан университети 482-орунда турат

Фото галерея