ОшМУда “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасынын бет ачары болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасынын бет ачары болду

Image

Тасманын бет ачар аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасынын сценарийинин автору КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров,  “Молдо Нияз мурастары” фондунун төрагасы Айтмат Аззамжан уулу, Ош шаарындагы ЖОЖдордон, маданият башкармалыктарынан, мекеме-ишканалардан өкүлдөр, тасманы жаратууда катышкан чыгармачыл инсандар, окуу жайдын жамааты катышты.
Даректүү-көркөм фильм алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата тартылган. Тарыхый тасманын сценарийин Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров жазган. Фильмдин режиссеру Медербек Ниязалиев, башкы продюсери Кудайберди Кожобеков.
“Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм фильмин тартууга даярдык 2023-жылдын январь айында башталган. Фильмдин басымдуу бөлүгү Кадамжай районундагы Кара-Дабан аймагында, Тамаша, Кызыл-Булак айылдарында, Өзбекстандын Маргалан шааарында, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын аймактарында  тартылды. Тасманын узактыгы 55 мүнөт”, - деди фильмдин режиссеру Медербек Ниязалиев.
Даректүү тасмада башкы каарман Молдо Нияздын бала кездеги образын Амир Термечиков, 17 жаштагы образын Максат Дарибаев, 40 жаштагы образын Айбек Жунусов, ал эми 80 жаштагы образын Райымкул Мураталиев жараткан.
Тасманы жаратууда салым кошкон чыгармачыл топко ОшМУнун Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана “Молдо Нияз мурастары” фондунун юбилейлик медалдары  тапшырылды.

Фото галерея