Окутуучулар ортосундагы спартакиадада ИПК жана STEM колледжинин командалары алдыда

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар ортосундагы спартакиадада ИПК жана STEM колледжинин командалары алдыда

Image

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 7 түрүнүн 18 категориясы боюнча аялдар жана эркектер арасында спартакиада өтүп жатат.  Спартакиадага жалпысынан 29 команда катышууда. 
Жуманын ишемби күндөрү уюштурулуп жаткан мелдештерде учурда ордо, кичи футбол, баскетбол эжекелер арасында жана стол тенниси агайлар, эжекелер арасындагы оюндар жыйынтыкталды. Учурдагы упайлар боюнча жалпы командалык эсепте Индустриалдук-педагогикалык колледжи 28 упай менен I орунда, STEM инновациялык колледжи 28 упай менен II орунда, Бизнес жана менеджмент факультети 30 упай менен III орунда бара жатат. 16-декабрда баскетбол агайлар арасында, валейбол эжекелер арасында жана шахмат оюндары өтөт. Жыйынтыктоочу мелдештер 23-декабрда орун алат.

“Бул жылы спартакиаданын байге фонду 100 000 сомду түзөт, мыкты оюнчуларга медалдар, баалуу белектер да ыйгарылат. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп 27-декабрда ректорат жана декандардын ортосунда волейбол боюнча достук мелдеши уюштурулат”, -деди ОшМУнун спорт клубунун төрагасы Алмазбек Казибеков.

Фото галерея