ОшМУнун профессору “Ардактуу профессор” наамына ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору “Ардактуу профессор” наамына ээ болду

Image

ОшМУнун профессору Абдугани Абдурасулов Самарканд мамлекеттик ветеринардык медицина, мал чарбасы жана биотехнология университетинин “Ардактуу профессору” наамын алды.

Ардактуу наам белгилүү окумуштуу, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Х.З. Ибрагимовдун 105 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда тапшырылды.

Иш чара ветеринария багытындагы алдыңкы жетишкендиктер менен таанышып, пикир алмашуу максатында өттү.   

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдугани Абдурасулов окуу жайдын атынан куттуктап, ОшМУ тууралуу презентация жасады.

Фото галерея