Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү конок лекция окуду

Image

Кыргыз Республикасынын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз 19-декабрда ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына онлайн форматта конок лекция окуду.

Лекция учурунда элчи Садык Шер-Нияз "Кыргызстан-Франция дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" аттуу темада кеңири маалымат айтып, суроолорго жооп берди. Франциянын жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерди түзүүгө, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча Францияга барып окуп жана эмгектенип келүүгө көмөк көрсөтөрүн айтты.

Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев конок лекторго ыраазычылык билдирип, институтта конок лекциялар салтка айланып уюштурулуп келе жаткандыгын белгиледи.

Фото галерея