«Эң мыкты мугалим» сынагынын 10 жеңүүчүсү ОшМУдан билим алышкан

Башкы Жаңылыктар

«Эң мыкты мугалим» сынагынын 10 жеңүүчүсү ОшМУдан билим алышкан

Ош мамлекеттик университетинде Ош шаардык, республикалык  «Эң мыкты мугалим» сынактарынын жеңүүчүлөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун коноктору ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү 2015-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн «Эң мыкты мугалим» сынагынын  женүүчүсү Элвиза Нарымбаева, 2017-жылы өткөрүлгөн Ош шаардык жана республикалык «Эң мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүсү Айжан Абдувапова, 2018-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн «Эң мыкты мугалим» конкурсунун жеңүүчүсү  Клара Баева, 2019-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн  “Жылдын жаш мугалими” сынагынын жеңүүчүсү  Жапар кызы Бактыгүл, 2022-жылы Ош шаардык жана республикалык “Эң мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсү Акылбек уулу Нурсултан болушту.

Окуу жайдын студенттери менен болгон жолугушууда Ош шаарындагы №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиянын директору, ОшМУнун бүтүрүүчүсү Элвиза Нарымбаева мыкты болуу үчүн студент мезгилден умтулуу керектигин айтты. Учурда “Жетиген” мектеп-гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Айжан Абдувапова “Жашоода адам жакшылыктан да, жамандыктан да сабак алуубуз керек. Жеп, ичип өлүү- бул курт-кумурсканын да колунан келет, бирок адам болуп жаралган соң артыңда из калтыруу керек”, -деген кеңешин айтты. Кеченин жүрүшүндө студенттерди кызыктарган суроолорго жооп берип, педагогдук кесипти тандоонун өзү мыктылык экендигин белгилешти.

Өлкөнүн билим берүүсүнө жана окуу жайдын билим сапатынын көрсөткүчүнүн жогорулашына кошкон салымдары үчүн сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнө ОшМУнун ыраазычылык каты жана белектери берилди.

Иш-чара ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева жана практика жана карьера борбору боюнча жетектөөчү адис Адылбек Батыралиев тарабынан демилгеленип өткөрүлдү.

Учурда шаардык жана республикалык «Эң мыкты мугалим» жана «Эң мыкты тарбиячы» сынактарынын жеңүүчүлөрү болушкан ОшМУнун 10 бүтүрүүчүсү бар.

Фото галерея