Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси чыгыш таануучуларга конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси чыгыш таануучуларга конок лекция окуду

Image

ОшМУнун чыгыш таануу институтунда Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы айкалыштыруу менен атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Бактыбек Аманбаев конок лекция окуду.

Онлайн форматта уюштурулган конок лекция "Кыргызстан-АКШ-Канада дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" деген темада болду. Ага институттун студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.

“Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен бир нече конок лекциялар уюштурулуп келе жатат.  Лекцияда  дипломатиялык мамилелердин тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу студенттерге, магистранттарга жана профессордук-окутуучулук курамга маалыматтар берилүүдө”,-деди Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев.

Элчи Бактыбек Аманбаев студенттерди чет тилдерин жакшы үйрөнүүгө чакырды, андан сырткары чет өлкөлөргө чыгып, окуп жана иштеп келүү сунушун кошумчалады.  Лекциянын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу сунуштары боюнча пикирлер айтылды.

Фото галерея