ОшМУнун студенттери кышкы каникулда канча күн эс алышат?

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери кышкы каникулда канча күн эс алышат?

Image

ОшМУда  бакалавр баскычында окуган студенттер 1-7-январга чейин эс алып, 8-20-январга чейин кышкы сессиясын тапшырышат. 22-28-январга чейин эс алып, 29-январдан кадимки тартипте сабактар башталып, студенттер жазгы семестрди окушат.
Өзгөн медициналык колледжинен сырткары колледждерде билим алган студенттер 1-14 январга чейин эс алып, 15-27-январга чейин кышкы сессиясын тапшырышат. 29-январдан кадимки тартипте сабактар башталып, студенттер жазгы семестрди окушат.  
ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинин студенттери 1-7-январга чейин эс алышат.  8-13-январга чейин модуль, ал эми  15-27-январга чейин кышкы сессиясын тапшырып, 29-январдан 4-февралга чейин дем алышат. 5-февралдан кадимки тартипте сабактар башталып, студенттер жазгы семестрди окушат.