ОшМУда жаңы жылдык кече өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жаңы жылдык кече өткөрүлдү

Image


Ош мамлекеттик университети  жаңы 2024- жылды утурлай жалпы жамаат үчүн салатанаттуу жаңы жылдык кече өткөрдү. Окуу жайдын кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган майрамдык кече Ош шаарындагы “Рамазан” ресторанында өттү. 

Окуу жайдын ректору Кудайберди  Кожобеков жалпы жамаатты жаңы жылы менен куттуктап, бир жыл аралыгында окуу жайда болгон жетишкендиктер боюнча маалымат берди.  Жамаат үчүн жылдык отчет катары окуу жайдын Коомчулук менен байланыш жана маалымат борбору тарабынан тартылган видео материал көрсөтүлдү. 

Майрамдык кеченин жүрүшүндө кесиптик бирлик тарабынан даярдалган кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер жана концерттик программалар тартууланды.

Андан сырткары жамаат үчүн лоторея ойнотулуп, женүүчүлөр баалуу белектер, эс алууга жолдонмолорго ээ болушту.

Фото галерея