Медицина факультетинин студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинин студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

Image

 

ОшМУнун медицина факультетинин 4-5-6-курстарынын студенттери Түркиядагы Памуккале  университетинин ооруканаларынан такшалууга (стажировка) мүмкүнчүлүк алышат. Мындай келишимге эки окуу жай 2023-жылдын декабрь айында жетишти. Келишимге ылайык жай айларында Медицина факультетинин студенттери 2 жума Памуккале университетинин ооруканаларына такшалууга (стажировка) бара алышат.

Программага катышуу үчүн студенттер түрк тилин В2 деңгээлинен жогору билүүсү керек. Кабыл алуу ушул жылдын февраль айынан башталат. Программанын координатору ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Кулназарова.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 2023-жылдын октябрь айында Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Памуккале университетинде болуп, академиялык мобилдүүлүк багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган университетте билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугушкан.

Памуккале университетинде 16 факультет, 6 институт жана 17 кесиптик лицей бар. Университет 90дон ашуун бакалавр, 150дөн ашуун магистрдик, 50дөн ашуун докторлук программалар боюнча медицина, инженерия, экономика, табигый жана коомдук илимдер, искусство, педагогика жана техникалык тармактар боюнча адистерди даярдайт.

Фото галерея