ОшМУда  илимий изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча семинар-тренинг өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда  илимий изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча семинар-тренинг өттү

Image

Аспиранттар жана изденүүчүлөр үчүн “Илимий  изилдөөлөрдүн методологиясы” аталышында семинар-тренинг өткөрүлдү.  Мында  аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн негизги иш-милдеттери жана алардын уюштурулушу, илимий изилдөөлөрдүн методологиясынын негиздери, илимий ишмердүүлүктү баалоонун критерийлери боюнча маалыматтар берилди.

Андан сырткары РИНЦ, SCOPUS, “Web of sсience”  системаларынын басылмаларына  макалаларды  жарыкка   чыгаруу боюнча  баяндама жасалды. Семинардын катышуучулары бардык кызыккан суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты.

Окутуу аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси, доцент Гүлжамал Анарбаева тарабынанан уюштурулду.  Бул багыттагы иш-чаралардын цикли  салттуу түрдө үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Учурда  ОшМУда 300гө жакын аспирант билим алып жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп, 2022-жылы ОшМУнун  аспирантурасына  15  тармак боюнча 101 адистикке, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия берилген.     

Аспиранттардын илимий жетекчилеринин саны 115 окумуштууну түзөт, анын ичинен 110 окумуштуу илимдин доктору, профессорлор, 5 окумуштуу илимдин кандидаты, доценттер.

ОшМУдагы 45 илимдин доктору, профессорлор, 2 илимдин кандидаты, доценттер аспиранттарга илимий жетекчилик кылышат. Башка окуу жайлардан, илимий мекемелерден 65 илимдин доктору, профессорлор,  3 илимдин кандидаты, доценттер илимий шакирттерди  даярдашууда. Алардын арасында белгилүү илимпоздор, КУИАнын академиктери жана  мүчө-корреспонденттери бар.

Фото галерея