Александр Бельдинов “ОшМУ-Алдиердун” футболчуларын машыктырат

Башкы Жаңылыктар

Александр Бельдинов “ОшМУ-Алдиердун” футболчуларын машыктырат

Image

Белгилүү машыктыруучу Александр Бельдинов “ОшМУ-Алдиер” футбол клубунун машыктыруучусу болуп дайындалды. Машыктыруучу менен 1 жылга келишим түзүлдү.

Александр Бельдинов карьерасынын башында Кыргызстандын Жогорку лигасындагы «Динамо» (Аламүдүн), «Эколог» (Бишкек) клубдарында ойногон. 2003-жылы «СКА-Шоро» клубуна өтүп, үч жыл катары менен өлкө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. Бул команда менен 2003-жылы Кыргызстандын кубогун уткан.

Ал эми 2010-2011-жылдары «Нефтчи» (Кочкор-Ата) клубунда ойноп, аны менен 2010-жылы Кыргызстандын Кубогунун чемпиону жана жеңүүчүсү, чемпионаттын күмүш байге ээси жана 2011-жылы өлкөнүн Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон.

2016-2017-жылдары «Бишкек Алга» командасын жетектеген. 2018-жылдан тартып Биринчи лигадагы “Абдыш-Ата-2-Наше”, Жогорку лигадагы Алга, Алай жана Дордой футбол командаларын машыктырган. 2023-жылы Оштогу футбол академиясында техникалык директор болуп иштеген. Машыктыруучулук "А"лицензиясы бар.